• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атамбаевди колдогон КСДП шайлоого карата программасын талкуулады

15 Бугу 2020 16:38 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү 15-майда Кой-Ташта жыйын өткөрүп, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча программасын талкуулады. Бул тууралуу маалыматты Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялады.

Жыйында ошондой эле партиянын Саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчи маселесин да карап чыгуу, координаторлордун бирдиктүү реестрин түзүп, аймактардагы ишти күчөтүү зарылдыгы, азыркы бийлик өлкөнүн орчундуу маселелерин чече албай жатканы тууралуу кеп болгону кабарланды.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2019-жылдын август айында ал «Коррупция» беренеси менен камакка алынган. КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Бийлик КСДПнын, Атамбаевдин сындарын четке кагып келет.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүү пландалган.

Количество просмотров: 221