• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды

25 Тогуздун айы 2019 15:27 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагында кармоо мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти алдын ала угуу учурунда кабыл алынган.

Жактоочулар Атамбаевди дагы эки айга камакта калтыруу боюнча соттун токтомун алышкан. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү 26-октябрда соңуна чыкмак.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылып, 26-октябрга чейин камакта калтырылган.

Количество просмотров: 122