Кепшн видео: Атамбаевдин туулган күнүндө бийлик корккон нерсе болбой калды
Кепшн видео: Атамбаевдин туулган күнүндө бийлик корккон нерсе болбой калды
17 Аяк оона 2021 19:01 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 65 жашка чыкты.
Атамбаев 65 жаш курагын абакта өткөрүп жатат.
Кой-Таш айылындагы үйүндө анын жакындары, тарапташтары, партиялаштары чогулду.
Алардын арасында Раиса Атамбаева, Кадыр Атамбаев, Туйгунаалы Абдраимов, Ирина Карамушкина, Токтогул Какчекеев, Дамир Мусакеев, Темирлан Султанбековдор бар.
Жактоочу Жоошев туулган күндүн алдында мурдагы президент менен жолугуп чыккан.
Буга чейин “Атамбаевдин туулган күнүндө митинг болот” деген маалыматтар тараган. Ошондой эле ага 10 миңге чукул адам келери кошумчалаган.
Көп өтпөй Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канатбек Исаев, Бакытбек Жетигенов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков ИИМге сурак берип чыгышты.
Ал эми «бийликти күч менен басып алууга» шек саналып Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев кармалып, камакка алынды.
Бүгүн Атамбаевдин кызы «Ала-Тоо» аянтында сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү.
Көргөзмө сүрөтчүнүн атасы, мурунку президент — Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арналат.
Бул арада Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жүздөгөн адамдар чогулду. Айрымдары ДНД (ыктярдуу топ) деген күрмө кийип алышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, алар аянтта чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн коопсуздукту камсыз кылганы чогулган.
Мындай чогулуш ким тараптан каржыланып жаткандыгы айтылган жок.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясы боюнча соттолууда.
Орунбеков: Мурдагы президенттерди өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Садыр Жапаров менен Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусу …