• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаев: Мени «Сокенин» учурунда дагы жылаңайлак, күчкө салып сотко алып барышчу эмес

4 Чын куран 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Анда 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу иш каралды. 15 мүнөттүк тыныгуу учурунда Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Менимче, Садыр Жапаров катуу таарынып калган окшойт. Бул нерселер майдараак болуп жатат. Абакта мага баары сый мамиле кылышат. Ал эми 23-марттагы шакаба чегүү атайын жасалып жаткан нерсе болушу мүмкүн. Коронавирустан кийин жүрөгүм начар экенин билгендер мени инфаркт же инсульт болуп калсын деп жатса керек. Бул соттук отурумдардын баары чындыгында жөн гана цирк экенин билесиңер. Андыктан мен ар бир соттун алдында кат түрүндө менсиз өткөрө бергиле деп суранам. Батукаев тууралуу сотту менсиз эле кылышкан. Бирөөнө дагы барган эмесмин. Азыр деле ошенте беришпейби, мени кыйнабай. Же видео байланыш форматында кылышсын. Абактын башкы дарыгери 23-марттагы окуядан бери мен жакка киргенден коркуп калды. Садыр Жапаровдун учурунда шарттар бир топ жакшырып калды, бирок абак деген абак. Мени Сокенин (экс-президент Сооронбай Жээнбеков — ред.) учурунда дагы жылаңайлак, күчкө салып сотко алып барышчу эмес, өзгөчө ооруп жатканда. Эмне болуп кетти билбейм, кудай бийликке акыл берсин деп отурам. Садыр Жапаров менин убагымда кармалган. Ал алты ай отургандан кийин мен кеткем, а мен анын учурунда 16 ай отуруп койдум. Көп нерсе түшүнүксүз, акылыма сыйбай жатат»,-деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, октябрь окуялары боюнча Алмазбек Атамбаевден тышкары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча иш козголгон.

Количество просмотров: 2535