Буга чейин КСДП партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамсыз болгону тууралуу Конституциялык палага өтүнүч менен кайрылган.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча токтом кабыл алган. Анда парламенттин 103 депутаты макулдугун берип, 6 депутат каршы чыккан.
Атамбаевдин тарапташтары соттун алдына митингге чыгышты
Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты. Акцияга …