• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Конституциялык палата өз мөөнөтүн узарткан депутаттарды колдоду. Атамбаев сотко кайрадан келбей койду

2 Бештин айы 2020 20:23 Бишкек Govori.TV

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТА “РЕФОРМАНЫН” ДАТТАНУУСУН КАРАДЫ

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп эсептейт. Мындай чечим Конституциялык палатанын бүгүнкү, 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 2-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкек шаарынын, бири Ош облусунун тургундары болчу. Буга чейин акыркы жарым айда күнүнө төрттөн кем эмес адам өлүмү катталып келаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандар 1277 адамга жетти.

ЧЕК АРАДАН ЖҮК ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ӨЗГӨРӨТ  

Кытай өкмөтү кыргыз-кытай чек арасынан оор жүк ташуучу автомашиналарды өткөрүү тартибин 3-декабрдан тартып өзгөртөт. Бул тууралуу 1-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Кытай элчиси Ду Дэвэн менен жолугушуусунда айтылды.

ОКУУЧУЛАРДЫ ЭРТЕ КАНИКУЛГА ТАРАТУУ АЙТЫЛДЫ

Бишкек шаардык кеңешинде окуучулардын кышкы каникулун 14-декабрда эле баштап, 17-январга чейин улантуу тууралуу сунуш айтылды. Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко 2-декабрдагы сессияда каникулга кеткен ашыкча күндөр үчүн балдарды кийин май айында окутса болорун билдирди.

АТАМБАЕВДИН СОТУ ЖЫЛДЫ

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча Атамабев сотко келген жок. Маалыматка ылайык, Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айтып, сотко келе албай турганын билдирген. Ошондой эле анын сот отурумун бир жумага жылдырууну өтүнгөн арызы судьяга берилди.

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТУУДА

Улуттук банк үч апта бою тынбай доллар сатууда. Кечээ, 1-декабрда, 5 миллион 250 миң доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат. АКШ акчасынын курсу өзгөрүүсүз бойдон турат. 1 доллар сатыкта 84,9 сом, ал эми сатып алууда үч тыйынга өскөн.

Количество просмотров: 137