• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканага түштү

21 Аяк оона 202015:45 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканада жатат. Маалыматты Govori.TVга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Илмиянов ооруканага 16- сентябрда түшкөн.

“Икрамжан Илмияновдун кан басымы көтөрүлүп, кардиология бөлүмүндө дарыланууда”, – деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.

2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.

Быйыл 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан болчу. Мунун жыйынтыгында Икрамжан Илмияновдун жазасы 5 жыл 6 айды түзүп калган. ЖАМК атайын комиссиясынын чечими менен Икрамжан Илмиянов жазасынын калган мөөнөтүн өтөө үчүн Молдовановка айылындагы №26 жатак-абакка жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 4252