• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Парламентте Илмияновду жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү

28 Бирдин айы 2024 12:04 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, алдамчылыкка айыпталып соттолгон Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖК депутаты Медербек Алиев бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

“2020-жылы парламенттик шайлоо ыплас өткөндүктөн революция болгон. Нааразылыктын чыгышына “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдик” партиялары негиз болгон. Ошолордун дээрлик көпчүлүгү азыркы бийикти да курчап алып кошомат кылып, жоон топ болуп жүрөт. Муну эч ким тана албайт. Икрамжан Илмияновдун да аты аталып кетти. Өмүрүндө бир китеп окубаган адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Парламентке “ушул өтөт, бул өтпөйт” деп чечип турган. Ага да саясий баа берилиши керек”, — деди депутат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бүгүн, 28-февралдагы жалпы жыйын учурунда Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштаган.

Количество просмотров: 70