• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкек шаардык соту Икрамжан Илмияновду абакта калтырды

31 Тогуздун айы 2018 18:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.10.2018.Govori.TV

Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында Икрамжан Илмияновдун тарапташтары чогулду. Анын бүгүн шаардык сотто баш коргоо чарасы каралды. Атамбаевдин мурунку шоопурун жактап,актап келген адамдардын саны 50гө чамалады. Келген адамдар алыскы Баткенден келишкен.

Бишкек шаардык соту Икрамжан Имияновду биринчи инстанцияда чыгарылган чечимин өзгөртпөстөн күчүндө калтырды. Анын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге Илмияновду кармоого эч негиз жок  экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду камоо боюнча сырттынан өкүм чыгарган. 20-октябрда Икромжан Илмиянов Россияда кармалып,Бишкек шаарына алынып келинген.

Анын жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Икрамжан Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде  “Алдамчылык” боюнча айыпталууда.

 

Количество просмотров: 35