• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Илмияновдун мүлктөрүнүн жарымы камактан чыгарылды (тизме)

14 Жетинин айы 2019 9:28 Бишкек Govori.TV

30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту И.Илмияновду 7 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салган.

Илмиянов алдамчылыкка айыпталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана унаасы камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн. Бул компаниянын жетекчиси — Беларусь Республикасынын жараны Николай Грамович.

Жабырлануучу Грамовичтин пайдасына Илмияновдон 10 млн 397 миң 235 сом өндүрүлөт.

Өкүмгө ылайык, Илмиянов жана анын туугандарынын мүлктөрүнүн жарымы камактан чыгарылды.

Камактан чыгарылган мүлктөрдүн тизмеси:

1957-жылы туулган Сатар Илмиянов

  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы турак үй;
  • Баткендеги Лейлек районунун Кызыл-Дөң айылындагы жер тилке;
  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы айдоо жер;
  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы кайрак жер тилке;
  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар;
  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы жер тилке (№8 үй).

1956-жылы туулган Илмиянова Урулха Илешовна

  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар.

1977-жылы туулган Илмиянова Айсулуу Саттаровна

  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар;

1986-жылы туулган Илмиянов Искендер Саттарович

  • Баткендеги Исфана шаарындагы турак үй.

1981-жылы туулган Илмиянов Раимжан Саттарович

  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы жер тилке.

Камакта калтырылган мүлктөрдүн тизмеси:

1975-жылы туулган Илмиянов Икрамжан Саттарович

Бишкектеги Алтын-Ордо конушунун Таш-Рабат көчөсүндөгү жер тилке;

  • Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар;
  • 2007-жылы чыгарылган «Лексус LX 470» унаасы;
  • Сокулук районунун Студенттер айылындагы «Азияагро экспорт» ЖЧКсы;
  • Бишкектеги «Аброр» чайканасы;
  • Шопоков шаарындагы жер тилке;
  • Шопоков шаарындагы картон завод.

1983-жылы туулган Илмиянова Айбарчын Саттаровна

  • Сокулук районунун 3 айылындагы айдоо жерлер.

1988-жылы туулган Илмиянов Зулхайнар Саттарович

  • Сокулук районунун Фрунзе айылындагы айдоо жер;
  • Бишкектин Ак-Өргө конушундагы жер тилке;

Анаргүл Шамурзаева

  • Чүй, 245/1 дарегиндеги батир;
  • Чүй, 245/1 дарегиндеги унаа токтотуучу жай.

1971-жылы туулган Абдыкапар Шамурзаев

  • Сокулуктун Студенттер айылындагы жер тилке;
  • Сокулук районундагы жер тилке.

1979-жылы туулган Абдыманап Бекматов

  • Сокулуктун Студенттер айылындагы жер тилке.
Количество просмотров: 1389