• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевдин кызы аянтта сүрөт көргөзмөсүн уюштурду

17 Аяк оона 202117:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда «Ала-Тоо» аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп жатат.

Ал бул иш-чараны атасы, мурунку президент — Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арнап уюштурган. Көргөзмөгө Атамбаевдин үй-бүлөсү жана шаар тургундары катышууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Ал 65 жаш курагын абакта өткөрүп жатат.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Аны өткөн жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу иши сотто каралууда.

Количество просмотров: 330