• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бөдөнөнүн жумурткасын жесең иммунитетиң көтөрүлөт

18 Тогуздун айы 202417:18 Бишкек Govori.TV


Бүгүн айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкектин Т.Усубалиев атындагы аянтында айыл чарба жармаңкеси өтүүдө. Жармаңкеге республиканын бардык аймактарынан жалпысынан 2000ден ашуун дыйкан фермер келген.

Фермерлер өздөрү баккан кой, эчки, уй, жылкы, топоз, балык, коен, бөдөнөлөрүн жармаңкеге алып чыгышкан.

Биздин каарманыбыз Аксаамай Исмаилова Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетинин 5-курсунун студенти. Аксаамай “Манас” университети багып жаткан бөдөнөлөрдү жумурткалары менен кошо жармаңкеге алып чыккан.

Аксаамайдын айтымында, бөдөнөнүн жумурткасы ден-соолукка пайдалуу, анын жумурткасы имунитетти көтөрөт. “Бөдөнө башка канттуулардан айырмаланып, күн тийип турса эле жумуртка тууй берет” — дейт. Жармаңкеге алып чыккан жумурткаларды 120 сомдон сатып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 258