• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Атамбаевдин кызы блогер менен кайым айтышты (видео)

15 Баш оона 2020 21:01 Бишкек Govori.TV

“Тамашаоучу”, tut.beka каймана аты менен таанымал Бектур аттуу блогер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева менен болгон пикир келишпестиги боюнча сүйлөшүүсүн жарыялады.

Блогердин буга чейин кыздардын сырткы кийими тууралуу тарткан видеосу кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулардын арасында нааразы болгондор көп болгон. Анда ал кыска юбка кийген кыздарды сойку кыздарга салыштырган. Видео материалдан блогер аялдамада турган кызга кайрылып, анын саатына канча турарын сураган. Роликке нааразы пикирин билдиргендердин арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да бар.

Блогер Бектур түз эфир учурунда Алия Шагиева менен кайым айтыша кеткен. Атамбаевдин кызы бөлүп жаруу, дискриминация, зордук зомбулук, басмырлоодон алыс болуу керектигин билдирген. Бирок, Алия Шагиеванын сүйлөгөн сөзү аягын чыкпай, эфир үзгүлтүккө учураган.

Бул тасманы аз убакыттын ичинде 150 миӊ адам көргөн. Пикир жазышкандардын көбү Шагиеваны сындашкан. Анткени, чектен чыккан кептерди айткан.

Ал эми блогер аталган видеону өздүк баракчасынан өчүрүп салганын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 6640