• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Парламентте Асылбаева депутаттар менен кайым айтыша кетти

30 Кулжа 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу болду.

Депутат Дастан Бекешев мамлекет ансыз да элге эч нерсе бере албай жатып, эми эркин сүйлөө укугун тартып алууну көздөп жатканын айтат.

«Бул мыйзам жарандарды андан бетер жарга түртөт, өтө зыяндуу. «Жалган маалыматты таратуудан сактайт» деп жатасыздар, эң эле калпты саясатчылар айтат. Андыктан мен буга каршы добуш берүүгө чакырам. Бул мыйзам өткөн чакта деле элдин оозун жаба албайсыңар», — деди Бекешев.

Ал эми Абдывахап Нурбаев интернеттеги маалыматтын жалган экенин кайсы орган аныктай турганын сурады. Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева ага Министрлер кабинети жооптуу болорун айтты.

“Жалган маалыматты ыйгарым укугу бар органдар аныктайт. Ага Министрлер кабинети жооптуу болот”, — деди Асылбаева.

Нурбаев Кыргызстан демократиялык эркин өлкө катары дүйнөгө тааныла баштаганда ушундай мыйзамдар менен артка тартып жатканын белгилеп, каршы добуш берүүгө чакырды.

Количество просмотров: 220