• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Атамбаевдин кызы: Атам жакында үйгө келет, муну биз канча жыл күттүк

14 Бирдин айы 2023 16:40 Бишкек Govori.TV


Атам жакында үйгө келет, муну күндү биз канча жыл күттүк. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, мурдагы президентти Кой-Ташта үй-бүлөсү тосуп алууга камылга көрүп жатат.

«Азыр Кой-Таштагы үйгө кетип жатабыз. Апамдын эмоциясын сиздер элестете албайсыздар!»,-деген ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-февралда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. Анын тарапташтары Молдовановкадагы абактын алдына чогулуп жатышканы айтылган.

Количество просмотров: 4394