• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Сагымбаев УКМКга баарлашууга барып келгенин айтты

23 Аяк оона 2023 14:42 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке баарлашууга барып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сагымбаев кайсы маселе боюнча баарлашуу болгонун тактаган жок.

Буга чейин КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева УКМКнын эки кызматкери унаага салып кеткенин кабарлаган.

Атайын кызмат бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 258