• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевдин жансакчысы Сагынбаев октябрь окуяларына байланыштуу милицияда сурак берүүдө

8 Аяк оона 202113:39 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Канат Сагынбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу милицияга сурак берүүдө.

Адвокат Замир Жоошев айтымында, Сагынбаев октябрь окуялары боюнча айыптуу экени тууралуу билдирмени алууга милицияга чакырылган.

Канат Сагынбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалган. Ал №1 тергөө абагына камалып, 2020-жылы 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары бошотуп алышкан.

Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына шектүү катары тергеле баштаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда Сагынбаевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Количество просмотров: 183