Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбековго карата үй камагына алуу чечими жокко чыгарылды. Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбековго карата үй камагына алуу чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка караганда, 5-апрелде Биринчи Май райондук сотунун судьясы алардын бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тил каты менен алмаштырды.
Эскерте кетсек, Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган. Кийинчерээк Сагымбав үй камагына чыгарылып, ал эми Ниязов 2 айга тергөө абагында калтырылган. Дал ушундай эле айып менен кармалган Султанбеков 14-октябрда үй камагына чыккандыгы кабарланган.