• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Сагымбаевдин туугандары соттордун акыйкат чечим чыгаруусун талап кылышууда

3 Бирдин айы 2020 16:23 Бишкек Govori.TV

Бир тууган иним Канат Сагымбаевге карата соттордон акыйкат чечим чыгарып беришин талап кылабыз. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин эжеси Альбина Сагымбаева билдирди.

Иниме карата коюлуп жаткан айыптар негизсиз, ал өз милдетин аткарды. Чиедей балдары бар. Акыйкат чечим чыгарышын талап кылабыз», — деди Альбина Сагымбаева.

Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене боюнча айып коюлуп жатат.

Кой-Таш окуяларынан кийин Сагымбаевге карата кызматтык териштирүү болуп, «Кызматтык дал келбестик» беренесинин негизинде УКМКдагы 9-кызматтан алынган.

Количество просмотров: 102