Кой-Таш азыр Афганистандын абалына келип калды. Бул тууралуу Кой-Таш айылынын тургуну Алмазбек Атамбаевдин мурунку кайненеси Гүласал Тенизбаева бүгүн, 26-сентябрда Кой-Таш окуяларын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйынында билдирди.
Андан тышкары, ал мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаковго 2009-жылы анын апасы дагы уулунун боштондукка чыгышын талап кылганын эсине салып, гезит беттерине жарыяланган сүрөтүн көрсөттү.
Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлүп, курамга Жогорку Кеңештин саналуу депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер кирген.