Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланышкан сот отурум кайрадан жылдырылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров кечээ, 30-декабрда чыгарды.
Маалыматка ылайык, кийинки сот отурум 13-январга жылдырылды.
Бул соттук өндүрүштө 3 кылмыш иши каралмак. Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу, мыйзамсыз баюу жана Кой-Ташта 2019-жылы 7-8-августта болгон баш аламандыктарды уюштурууга айыпталып жатат.
Ошондой эле айыпталуучулардын арасында депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шадиев, мурунку мэр Албек Ибраимов, мурунку ички иштер министри Абдулда Суранчиев жана башкалар бар.