• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Дүйнөдөгү эң чоң айсберг ордунан жылды

25 Жетинин айы 202317:00 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдөгү ири антарктикалык А23 айсберги 37 жылдан кийин Түштүк Океанды көздөй жыла баштады.

Антарктикалык айсбергдин аянты 4 миң чарчы километрге жакын, бул азыркы Нью-Йорктон беш эсе чоң.

Reuters агенттиги спутниктен болжол менен триллион тонналык муз Антарктика жарым аралынан ары катуу шамалдын жана агымдын таасири астында тездик менен жылып баратканы көрүнгөнүн билдирди.

Булак:Азаттык.

Количество просмотров: 709