Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад окуясы боюнча отурумду жылдырды. Айыпталуучу катары 22 адам өтүп жатат.
Айыпталуучу Равшан Жээнбековдун айтымында, бул алардын иши боюнча сот арачылары институтун киргизүү тууралуу өтүнүчүнөн кийин жасалган.
Анын айтымында, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна ишти 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген КР Жазык-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык кароо өтүнүчү менен кайрылышкан. Анда соттук териштирүүнү соттор кеңешинин катышуусу менен өткөрүү талабы бар экенин билдиришти.
Мындан тышкары, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Жапеков ишти Бишкек шаардык соту жабык эшик артында кароо өтүнүч менен кайрылган.