• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту кайра жылды

15 Бугу 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралып, 15-майдагы жараянда шектүү акыркы сөзүн сүйлөдү.

“Бийликти басып алуу аракети боюнча прокурор эч кандай далил келтире алган жок. Бийликти басып алуу үчүн электорат, элди көчөгө алып чыгуу үчүн авторитет, акча болушу керек. Менде бул үч нерсе тең жок”, — деди Жекшеналиев.

Бүгүн сот өкүм чыгармак, бирок кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан судья Мирбек Сатарбек уулу иш кайра жанданганын, кошумча экспертизаларды даярдоо керектигин айтып, кийинки отурум 24-майга белгиленгенин билдирди.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча алты жылга эркинен ажыратууну суранган.
Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

Количество просмотров: 71