• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин тарапташтары агрессивдүү шымаланып турушат

19 Теке 201912:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.09.2019. Govori.TV

Кой-Таш айылында мурдагы президенттин тарапташтары чогулуп жатат. Бир саат аралыгында бул жерге 800 атчан келе турганы туурасында айтылууда.

Штабдан маалым болгондой Атамбаевдин коргоочуларынын колдорунда ок чыгаруучу куралдары жок. Бирок коргоого күчтөрү жетерин кошумчалап жатышат.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин тарапташтары агрессивдүү шымаланып турушат. Алар журналисттердин иштөөсүнө тосколдук көрсөтүшүп фото-видео тартууга уруксаат бербей копол мамиле кылып жатышат. Азыр 30дай адам чогулган.

Айта кетсе, тергөө үчүнчү жолку чакырууну жакынкы күндөрү Атамбаевдин үйүнө жеткирилиген. Алдын ала маалыматтар боюнча, Атамабаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иште күбө катары чакырылып жаткан. Мурдагы мамлекет башчысы болсо суракка барбай турганын айткан.

Количество просмотров: 11