• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин тарапташы УКМКга суракка чакыртылды

13 Теке 201914:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митингде сөз сүйлөгөн Фархад Баабиев УКМКга суракка чакырылды.

Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат Бабиевди күбө катары 13-июлда Тергөө башкармалыгына келүүнү буюрган.

Жолдубаева Фархад Бабиевдин 2- июлда Бишкекте өткөн нааразылык акциясында сөз сүйлөп, бийликке каршы сын айтканын белгилеп, чакырууну ошого байланыштырып жатат.

Ал эми УКМК бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Количество просмотров: 35