Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына кирип чыккандан кийин өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруканага жатып калганын 3-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды:
«УКМКнын тергөө абагына барып келгенден бир нече күн өткөндөн кийин алсырап, муундарым ооруп, денем ысый баштаган. Кечээ эки өпкөм тең пневмония болгондуктан, ооруканага жаткырышты».
Сейитбек Атамбаев кайсы ооруканада экенин жазган жок, бирок ал жаткан бөлмөгө УКМКнын жана күч органдарынын кызматкерлери кирүүгө аракет кылып жатышканын белгилеп, «кайра-кайра кирип, мени сүрөткө тартам деп тынчымды албагылачы, дарыгерлерди ыйлатып кыйнабагыла, суранам» деди.