• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт». Атамбаевдин уулу ырчы Анжеликага жооп кайтарды

12 Баш оона 2022 13:54 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев эстрада ырчысы Анжеликага жооп кайтарды. Бул тууралуу билдирүүнү ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Албетте, урматтуу Анжелика бийлик баш тартпайт. Анткени сценарий мыкты болгон экен. Кеп биздин үйдө эмес, Сооронбай Жээнбеков менен анын мыйзамсыз аракети жөнүндө. Адегенде үйдүн кожойкесинен, үй-бүлөдөн сурап, адамча сүйлөшүш керек болчу. Алмазбек Шаршеновичтин дагы балдары, неберелери бар! Мен сизди түшүнөм, бирок баардык нерсенин чеги болот. Мен буга чейин сизди адам катары, ырчы катары баалачумун. Бирок сиздин «калпелешка» экениңизге ынандым. Башка сөзүм жок. Сиз деле кедей эмессиз. Менимче жетиштүү байлыгыңыз бар. Балким үлгү болгонду өзүңүздөн, особнягыңыздан баштайсыз? Кыргызда «бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт» деген жакшы сөз бар. Аман эле болуңуз»,- деп жазды ал.

Буга чейин ырчы Анжелика мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган. 

Количество просмотров: 10832