1000ге жакын адам катышкан ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюнун фактысы боюнча текшерүү башталды.
“Массалык иш-чараларды жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө карабастан, ишкер Жалил Атамбаев 1000ге жакын адамдын катышуусунда укмуштуудай чоң той уюштурду. Ошол эле учурда ал санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, ошону менен коомчулукта көптөгөн нааразычылыктарды жаратты”, – деп билдирет УКМК.
Ошондой эле Ж.Атамбаевдин уулу УКМКнын учурдагы кызматкери экендигин белгиледи. УКМКнын Ички коопсуздук кызматы ишкердин уулуна карата кызматтык иликтөө баштады. “Жыйынтыгында жумуштан бошотууга чейин барган тиешелүү чаралар көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн факт боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн Ж.Атамбаев өзү УКМКнын тергөө кызматына чакырылган.