Батукаевдин иши боюнча материалдардын бир бөлүгүнөн купуялыкты алып, ачыктоону талап кылып, арыз беребиз. Бул тууралуу Govori.TVга Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдун айтымында документтерди таанышып бүтүшкөн, бирок ал материалдардын ичинде мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин күнөөсүн далилдеген эч бир жагдай жок.
«Ал документтерде Алмазбек Атамбаевдин бул ишке катыштыгы бар экенин далилдеген эч бир да далил жок. Биз купуяланган материалдардын копиясын талап кылабыз, ал жерде докменттердин бир бөлүгүн купуя кылып коюшкан. Биз ошо купуялыкты алууну талап кылганы жатабыз», — деди жактоочу.
Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулуусу тууралуу кылмыш иши тергелип, ага катыштыгы бар делген мурунку президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир топ аткаминээрлер камакка алынган.