Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды.Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Маалыматка ылайык, Сагымбаев №1 тергөө абагында болот.
Эске сала кетсек, Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча («Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу») иш козголгон.