Атасын кетмен менен башына чаап өлтүргөн жаран 15 жашынан бери психикалык жактан жабыркап келген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрь 2020-жылы саат 08.30да Ноокат РИИБдин Нөөмөт бөлүчөсүнө, Жаңы-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнөн (АМБ) билдирүү келип, анда Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну 1989-жылы туулган У. Ж. өздөрүнүн үйүндө атасы У. М.ны кетмен менен башына чаап өлтүрүп салгандыгын маалымдаган.
«Аталаган билдирүү боюнча алгачкы текшерүү учурунда 2020-жылдын 30-ноябрь күнү саат 07.00 чамасында Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну 31 жаштагы У. Ж. өздөрүнүн турак үйүнүн короосунда атасы 63 жаштагы У.М.ны кетмен менен башына уруп, моюнунан мал байлачуу жип менен муунтуп өлтүрүп салгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерде Ноокат РИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүү учурунда Ж.У. колдонгон кетмен жана мал байлоочу жип табылып алынган.
Маркум М.У.нун жансыз денеси Ноокат аймактык ооруканасынын мейиткасанына жеткирилип, Ноокат райондук СМЭ бюросунун жана Ош облустук СМЭ бюросунун эксперттери тарабынан изилдөө жүргүзүлдү. М.У.нун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын башында жарылган жаракаттар, моюнунда кызарып көгөргөн издер бар экендиги аныкталган. Тергөө учурунда, жабырлануучу М.У.нун окуя болгон учурда кийген киймдерин алуу жүргүзүлүп, окуя болгон жерден алынган кетменге, жипке карата соттук-биологиялык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалган. Окуя боюнча КРдин Жазык Кодексинин 130-беренеси. (Киши өлтүрүү) негизинде отко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө башталды», — деп айтылат милициянын маалыматында.
Кошумчалангандай, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Ж.У. жогоруда аталган даректе атасы маркум М.У. жана апасы У. С. менен жашап жүргөндүгү, 5 бир туугандын төртүнчүсү экендиги жана 7-классынан бери психикалык оору менен ооруп Ош облустук ден-соолукту чыңдоо борборунда даарыланып каттоого алынгандыгы аныкталды.