• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ататүрк» сейил багындагы турак жайлар түрттүрүлө баштады

10 Аяк оона 2019 12:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы  «Ататүрк» паркында мыйзамсыз курулган объектилер, турак жайлар түрттүрүлө баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок салынган үйлөрдү, павильондорду, темир тосмолорду, чарба курулуштарын түрттүрүү Түштүк магистраль паркын улантып куруу боюнча экинчи этаптагы чогулуштан кийин башталган.

Белгилей кетсек, бир жума мурун сейил бактын  ичине мыйзамсыз коюлган онго жакын павильон алынган.

Количество просмотров: 1133