• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атазов бейөкмөт уюмдарынын кирешеси көрсөтүлбөй жаткандыгын сынга алды

26 Бештин айы 202214:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2022–жылдын 26–декабрындагы жыйналышынын күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Шайлообек Атазов бейөкмөт уюмдардын ишине кандай көзөмөл жүргүзүлүшүнө кызыкты.

Анын айтымында бейөкмөт уюмдар кандайча катталып жана ким тарабынан каржыланып ошондой эле анын көлөмү көрсөтүлбөй жатат. Андыктан аларды изилдеп улуттук баалуулуктарды сактоого чакырды.

Количество просмотров: 89