• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Башкы прокурор Атазовдун айткандарына жооп берди

16 Чын куран 2024 16:19 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Шайлообек Атазовдун буга чейин ЖКнын жалпы жыйынында айткандары боюнча жооп берди.

Зулушев бүгүн, 16-апрелдеги ЖК комитет жыйынында депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып айтты. Башкы прокурор Шайлообек Атазовдун сөздөрүн тактоого азырынча мүмкүн эместигин, депутат ошол кезде өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди.

“Өзүнө болгон куугунтукту менден көрүп жатканын түшүндүргөн жок. Анын маселесине прокуратуранын тиешеси жок. Ишин сот чечип жатат. Кандайдыр бир буйрукту аткаруу үчүн мени каралап кетти окшойт. Анын сөздөрүндө менин аты-жөнүм аталганы менен, мааниси башка”, — деди ал.

Шайлообек Атазов 13-мартта парламентте атайын билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптаган. Ал Курманкул Зулушевдин мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин айтып, анын да жоопкерчилигин көтөргөн.

Количество просмотров: 235