Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов депутаттарга прокуратура тарабынан суракка чакыртылып жатканына кейиди.
Атазов жыйында маселе көтөрүлүп жаткан учурда кесиптештерин өкмөт менен ымалага келип алып, жактоочу болбоого чакырды.
Депутат Марлен Маматалиев дагы ушул маселени жалпы жыйынында «шоу» кылбастан ич-ара сүйлөшүп алууну сунуштады.