• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атазов шайлоо жыйынтыгы боюнча сотко кайрыларын билдирди

29 Жетинин айы 2021 16:49 Бишкек Govori.TV

Бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунан шайлоого катышкан Шайлообек Атазов добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Биз сотко беребиз! Кечее күнү өткөн шайлоодо мага добуш берген ар бириңиздерге терең таазим кылам. Бирок, Ош Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү видео, аудиозапистер, фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти! Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм. Акчасына чиренген, көзүн май баскан талапкерлер. Президентибиздин таза шайлоо болсун деген жарлыгын, элибиздин аруу тилегин эске алышкан жок! Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз!», — деди ал.

Белгилей кетсек, Оштогу №8 Төлөйкөн шайлоо округунан баштапкы маалыматтар боюнча Нурбек Алимбеков алдыга чыккан.

Количество просмотров: 497