• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Биз 100% жеңдик». Атазов шайлоо жыйынтыгына нааразы экенинин айтты

28 Бирдин айы 2022 11:48 Бишкек Govori.TV

Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов жана анын тарапташтары 27-февралда өткөн шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты.

Атазовдун айтымында аталган округда ал жеңишке жеткен.

«Кечээ шайлоо таза өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасына, серверге эч кандай кинебиз жок. Бардыгы мыйзам чегинде болду. Бирок талапкер Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Ага видео далилдер бар. Азыр Ички иштер министрлигинен жооп күтүп жатабыз. БШК чечим кабыл алыш керек», — дейт Атазов.

Эске салсак, 21-февралда Бишкек милициясы добуш сатып алууга аракет көргөн эки жаран кармалганын, алар Свердлов районунан шайлоого катышып жаткан талапкердин үгүтчүлөрү экенин билдирген.

Количество просмотров: 298