• Жекшемби 4 Кулжа 2023
  • Воскресенье 4 Июнь 2023

Атбашыдагы айыл чарбага аракет. Колго жасалган трактор..

18 мая 2018 в 8:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.05. 2018. Govori.TV

Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылынын тургуну Турдукожоев Кайырбек картошка айдаган кичи трактор жасап чыкты. Бул тууралуу Govori.TV сайтынын аймактык кабарчы Майрамбек Өмүрбаев билдирди.

Жазгы айдап-себүү иштеринде техника тартыш болгондуктан Кайырбек Турдукожоев мына бул тракторду өз колу менен кураштырып жасап чыккан. Албетте, айыл элине чоң пайдасы тийип, элдин батасын алууда. «Азыр, өкмөт аркылуу лизинг менен трактор алуу биз үчүн кымбат, алардын үстөк пайызы да бар, төлөй албай калсак, күрөөгө койгон там-таштан ажырап калабыз. Ошондуктан, Өкмөттү карап отурбай эле өзүбүз аракет кылып, айыл чарбасына керектүү техниканы кураштырып алдык»,-дейт Кайырбек Турдукожоев.

Белгилей кетсек, ушуга окшош тракторду былтыр Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын тургуну да жасап чыккан.

 

 

Ат-Башы районундагы Ак-моюн айылынын тургуну Турдукожоев Кайырбек картошка айдаган кичи трактор жасап чыкты. Айыл элине чоң пайдасы тийип, элдин батасын алууда.

Опубликовано Ырыс Итибакунова Четверг, 17 мая 2018 г.

Количество просмотров: 38