• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Атканага окшоп калыптыр». Депутат Ысык-Көлдөгү балдар пансионаттарынын абалын сындады

24 Бугу 2023 14:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов Ысык-Көл облусунда балдар эс алуучу 100гө жакын жерлер сатылып, жеке менчикке өтүп кеткенин айтты.

Ал белгилегендей, каражат мамлекеттик бюджетке дагы түшкөн эмес.

“Биздин балдар каникулга чыкканда Ташкентке, Алматага, Астанага барып эс алып келели деп калышты. Эмне үчүн Ысык-Көлгө, Жалал-Абадга, Арстанбапка же Сары-Челекке баралы дешпейт? Профсоюздар федерациясы балдар эс алуучу жерлерди жеке менчикке сатып жиберишиптир. Жеке менчик деле жакшы, бирок иштеткен адамга болсо жакшы. Биз барып көрүп келдик, аткана болуп калыптыр” – деди депутат.

Количество просмотров: 92