• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Аткезчилик менен ташылган жүк кармалды

26 Кулжа 2022 6:50 Бишкек Govori.TV

Аткезчилик менен ташылган жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-июнда «Чоң-Капка-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюшкан. Көзөмөл өткөрүү жайына Казакстандын 1984-жылы туулган А.К., аттуу жаранынын башкаруусунда КАМАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа келип токтогон.

«Өз учурунда аталган жаран чек ара кезметине унаада жер семирткичтери (селитра) бар экендиги тууралуу коштомо иш кагаздарын көрсөткөн. Автоунааны текшерүү учурунда чек арачылар эки катар каптагы селитраларга бекитилген 30 тоннадай кумшекерди табышкан. Айдоочу жүктөрдү  Кыргызстандан Казакстанга жасалма документ менен алып өтүүгө аракет кылган»,-деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң айдоочу жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Теги:
Количество просмотров: 403