Баткенде аткезчилик жолу менен өлкөгө кирген 3 тоннадан ашык лимон кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Ага ылайык, 8-апрелде УКМК чек ара кызматынын жардамы менен Баткен районунун Ак-Татыр айылында контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген Ж.Ш.А. аттуу жарандын көзөмөлүндөгү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалды.
Жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар мамлекеттик чек ара аркылуу коштомо документтерсиз өткөрүлгөн.
Учурда жүктүн чыккан өлкөсүн аныктоо, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.