• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аттракциондон кыздын кулашы: Милиция 19 жаштагы жаранды кармады

2 Чын куран 202510:46 Бишкек Govori.TV

Панфилов атындагы сейил багындагы окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 31-март күнү Биринчи май районунун аймагында жайгашкан Панфилов атындагы сейил бакдагы аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган Ш.Ж., аттуу кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген.

Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ( Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 832