Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Чет өлкөлүк досторум сүйлөшүүгө чакырып жатат. Алар, мен жок дей албаган адамдар. Эки-үч жолу баш тарткам. Бирок макул да болушум мүмкүн»-деп билдирди.
Бирок Атамбаев белгилүү бир шарттардан кийин макул болорун кошумчалап жатат. Башкысы коопсуздук маселеси чечилиш керек. Негизигиси болсо -кайры кайтып келүү экенин айтты.
Азырынча Атамбаев бир чечимге келе элек. Бирок сүйлөшүүлөр жүруп жатыптыр.