• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Атып эле салбайсыңарбы». Сурабалдиева депутаттарга коркутуу болуп жатканын айтты

24 Жетинин айы 2022 11:03 Бишкек Govori.TV

«Азыр Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарды коркутуп-үркүтүү болуп жатат». Мындай билдирүүсүн депутат Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Сурабалдиева ЖК төрагасына кайрылды.

«Урматтуу спикер, эмне үчүн сизди шайладык? Бизди коргой албасаңыздар… Кечээ менин туулган күнүм болчу. Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев) мага кылган белегиңизди эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма кылмыш ишин козгойм деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да эч качан унутпайм. Бирок, мен 5-октябрда 2020-жылдан кийин эки жылдан кийин парламентке келсем УКМК коркутат деп ойлогон эмесмин. Кечээ депутаттар менен сүйлөшсөм жакын туугандарынын баары кызматтардан алыныптыр. Менин эми жакын туугандарым мамлекеттик кызматтарда жок экен, алыскыларын да жумуштан алып жатышыптыр. УКМК ушундайга барганы уят… Мындай Бакиевдин да заманында мындай болгон эмес», — деп нааразы болду ал.

Ошондой эле Сурабалдиева ушул жылдын жай айларында да текшерүүлөр болгонун айтты.

«Жайында да ушундай коркутуулар болгон. Анан Акылбек Үсөнбековичтин кабинетине кирдим. Президентке чейин жеткем. Эсиңдеби, Сурабалдиева Чүй элин көтөрүп жатат деген сыяктуу сөздөр болгон. УКМК менин туугандарымдын бизнестерине келип, «ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада каласың деп», коркутуп жатыптыр. Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?» — деди ал.

Количество просмотров: 3051