Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев жергиликтүү тургундар менен чогуу Ауэзов көчөсүндөгү жаңыланган көпүрөнүн ачылышына катышышты.
Объект толугу менен реконструкцияланып, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү. Курулуштан кийин, көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди, узундугу 70 метрди (эки секция бириктирилген) түзөт. Унаа кыймылы үчүн 4 тилке курулуп, жолдун эки тарабында 3 метрден тротуарлар жасалды. Эки катмар асфальт төшөлүп, көчөгө 12 жаңы көчө чырагы орнотулду.
2026-жылы көпүрөнүн астындагы каналда кошумча бетондоо иштери жүргүзүлүп, анын түбү, капталдары жана жээктери бекемделет.
Реконструкцияга чейин көпүрө авариялык абалда болуп, болгону эки тилкелүү жана туурасы 13 метрди гана түзүп, тротуарлары 1,5–2 метр гана болгон.
Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, пландалган мөөнөтүнөн 30 күн эрте аяктаганы белгиленди.