• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аутизмдүү баланы чапкан адам милицияга өзү келди

28 Баш оона 202416:58 Бишкек Govori.TV


14 жаштагы аутизмдүү баланы урган адам өзүн интернеттен көрүп, милицияга келген. Бул тууралуу борбордогу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, А.А. аттуу 34 жаштагы адам баланын туугандарынан кечирим сураган. Анын айтымында, ал жабырлануучунун аутизмдүү экенин билген эмес.

“Бала менин сумкамды ачканда, бирдемке алып жатат го деп ойлогом. Кийинки күнү видеону интернеттен көрүп, дароо милицияга келдим”, — деп түшүндүрмө берген.

Азыр милиция кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө.

Жабырлануучунун эжеси бул окуядан кийин өспүрүм коркконунан шымын булгап алганын билдирген. Ал буга чейинки маалыматтарда “кезекте турганда бир киши инимди муштуму менен урганда, ал катуу кыйкырган”, — деп билдирген.

Количество просмотров: 137