• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Аутизм менен жабыркаган кызга залал келтирген психолог 6 жылга эркинен ажыратылды

12 Бештин айы 202511:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ленин райондук соту оор аутизм менен ооруган Нариста Нурлановага катаал мамиле кылган психологдун иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билирди.

Анын айтымында шектүү, психолог болуп иштеген жаран жалпы режимдеги түзөтүү колониясында алты жылга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынды.

Кыздын апасы Чынара Жунусова мурда билдиргендей, сессиялар учурунда балага узак убакыт орой мамиле кылып, денесине залал келтирилген.

2024-жылдын 23-декабрында кыздын колу сынып, оор кыйынчылыктарга алып келип, беш жолу операция жасоого туура келген.

Бул окуя коомчулуктун кеңири көңүлүн буруп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын коопсуздугу жана аялуу жашы жете электер менен иштегендердин жоопкерчилиги маселесин дагы бир жолу көтөрдү.

Количество просмотров: 109