• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Октябрда окуучулар мектепке барып билим алышы мүмкүн

15 Аяк оона 2020 16:05 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр эпидемиологиялык кырдаал турукташса октябрь айынан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатканын белгиледи.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мындай сунушту колдой турганын айтып, окуу процессин салттуу режимге этап-этабы менен өткөрүү зарылдыгын айткан.

Министр андан сырткары, коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, мектептерди бюджеттик каражатка куруу иштери токтобогонун кабарлады. 1-сентябрга карата 14 мектеп пайдаланууга берилди. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин авариялык абалдагы 21 мектептин оңдоп-түзөө иштери аяктайт.

Количество просмотров: 467