“Бурана Гранд” курулуш компаниясынын директору Урмат Ишенбеков жана “Каганат Resort” эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү, “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен тергөө абагынан чыкты. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, мындай токтомду Бишкектин Октябрь райондук соту 29-декабрда кабыл алган.
Атайын кызмат Урмат Ишенбековду 30-ноябрда кармап, сот аны 2024-жылдын 4-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камкка алган. Ага “кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу аракеттерин билип туруп, анын каражатын кыймылсыз мүлккө колдонгон” деген айып тагылган.
Ал эми Азрет Боотаевди 4-октябрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)” беренеси менен кине коюлган. Атайын кызмат ал Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү катары иш алып барганын билдирген.